www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырган деген шек менен чет өлкөдөн кармалып, өлкөгө жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тергөөдө К.С. аттуу жаран биргелешкен ишкердик жүргүзүү шылтоосу менен М.Н. аттуу жарандын 150 миң долларын алдап алгандыгы аныкталган. Бул факты боюнча ага издөө жарыяланган.
ИИМдин маалыматына караганда, чет өлкөдө жүргөн шектүү интернетке митингдерди өткөрүүгө, массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти басып алууга чакырган материалдарды жарыялай баштаган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси жана 278-беренесинин 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кармалган жаран Кыргызстанга жеткирилип, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.
Белгилей кетсек, ИИМ берген маалыматтагы инициалдарга караганда, сөз чет өлкөдө бийликти сындап келген Сыргак Кенжебаев тууралуу болуп жатат.