www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев эрте никеге үндөгөн чакырыктарга каршы чыгып, мындай саясатка чек коюу керектигин билдирди.

Ал 13-октябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында аялдарга жана кыздарга карата зомбулук, өспүрүмдөрдүн эрте никеге турушу тууралуу маселе көтөрдү.

«Ошондуктан бул биздин саясат эмес, биздин мыйзамдар эмес деп ачык айтышыбыз керек», - деди Жээнчороев.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева эрте никеге байланыштуу укук бузуулар дагы эле сакталып жатканын белгиледи. Анын маалыматына караганда, сурамжылоого катышкан окуучулардын 52 пайызы өз чөйрөсүндө эрте никеге туруу учурларына күбө болушкан.

Кыргызстанда нике курагы 18 жаштан башталат. Эрте нике кыздардын билим алуусуна, ден соолугуна жана коопсуздугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Последние новости