www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жети-Өгүз районундагы «Адилет» кайрымдуулук бирикмесинин төрагасы Мукалай Мойноков: Акыркы жылдары биз өзүбүздүн илгерки адамдык сапаттарыбызды жогото баштадык, ошол себептен коррупция же уурулук менен башка кылмыштуулуктун түрлөрү көбөйүп кетти. Илгери кыргыздар үйлөрүн кулпулачу эмес, анткени уурулар болбогон, айылдаштар бир-бирине такай жардам берчү, ошондуктан жакырчылык да жокко эсе болчу.

1141-1209-жылдары жашаган атактуу перс акыны Низами Гянжеви өзүнүн «Искендер-намэ» деген чыгармасында Енисейде жашаган кыргыз мемлекетине суктанып, алардын адилет өлкөсүн перс султандары менен шахиншахтарына үлгү катары көрсөткөн. Улуу Манастын урпактары намыстуу болуп, дүйнөдөгү терс көрүнүштөрдөн оолактап, башка элдерге үлгү боло ала тургандай кудурети жетиштүү...

Последние новости