www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук ишмер Сыймык Жапыкеев мурдагы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду катуу сынга алып, президент Садыр Жапаровго кайрылганы социалдык тармактарда талкууга алынды.

Ал өзүнүн Facebook баракчасына жарыялаган билдирүүсүндө Акылбек Жапаровдун мамлекеттик иш-чараларда төрдө отурганын сындап, аны жоопкерчиликке тартууга чакырды.

Жапыкеев Таласта өткөн тойлордун биринде Акылбек Жапаровду көргөнүн айтып, ага карата сын-пикирин билдирген.

«Тойлор бүттү. Таласта тойдун төрүндө сууга чөкпөс, кол тийбес, супер ууру, коррупциянын символу болгон Акылбек Жапаровду көрүп таң калдым. “Говно не тонет”», — деп жазган ал.

Ошондой эле ал Акылбек Жапаровду бир катар мыйзам бузууларга жана коррупцияга байланыштуу айыптап, анын эркин жүргөнүнө нааразычылыгын билдирген.

«Бизде ушундай ууруларды качанкыга чейин төрүбүздө талтаңдатабыз? Акылбек 630 млн доллар, 30 млрд сомду кекиртегине тыгылбай жеп коюп, ээн-эркин жүргөнү, берекени кетиргени, кымбатчылыктын эшигин эмес, дарбазасын ачты, элди кыйнады», — деген Жапыкеев.

Жапыкеев ошондой эле Акылбек Жапаровдун мамлекеттик иш-чараларга катышып, төрдө отурушу президентке абийир алып келбей турганын белгилеген.

Ал президент Садыр Жапаровдун мурда айткан сөздөрүн эске салып, Акылбек Жапаровду коррупциялык иштер боюнча жоопкерчиликке тартууга чакырды.

«Садыр ава, сөзүңүзгө туруңуз. Акылбек Жапаровду жыргатпай, чаначтай кылбай жоготуңуз», — деп кайрылган ал.

Сөзүнүн соңунда Сыймык Жапыкеев Акылбек Жапаровду «суволуш» деп атап, ага карата нааразычылыгын билдирген.

Чынында, Акылбек Жапаров кайсы бийлик келбесин, ошол бийлик менен тил табышып, тизелеп кызмат өтөп келген, тилдүүлөргө каяша айтпай, кыйындарды бирөөнүн кылычы менен кыя чапкан, өзү болсо суудан кургак чыккан саясатчы деген пикир коомдо көп айтылып келет.

Саясий шамал кайсы тараптан сокпосун, багытын тез өзгөртүп, бийликтин ыңгайына жараша ордун таап кеткендердин бири катары да сыпатталат. Эл аралык мамилелерде да кырдаалдан жол таап чыгып, жоопкерчиликтен четтеп кетүүгө жөндөмдүү саясатчы деген баа берилет.

Сыймык Жапыкеевдин Акылбек Жапаров тууралуу айткандары дал ушул себептен коомчулукта талкуу жаратууда. Анын сөздөрү курч, кээде өтө ачуу угулганы менен, айрымдар бул айтылгандарда коомдо көптөн бери айтылып келген суроолор бар экенин белгилешүүдө.

Ачуу чындыкты Жапыкеевдей болуп баары эле ачык айта бербейт. Көпчүлүк саясатчылар сөзүн таразалап, ыңгайына карап сүйлөгөн шартта, ал өз оюн түз айтып келет.

Эң негизги суроо — Жапаровдун дарегине айтылган айыптоолордун чын-төгүнүн ким жана качан ачык айтып берет? Коомчулук үчүн маанилүүсү да ушунда: кимдир бирөөнү каралоо эмес, айтылган дооматтарга мыйзам чегинде так жооп берилиши керек.

Анткени бийликте ким болбосун, коом алдында жоопкерчилик биринчи орунда турушу зарыл.

Последние новости