www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында 2026–2027-окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш-чаралар өтүп, Билим күнү белгиленди.
15-сентябрда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Арек айылындагы Ж. Атабаев атындагы №35 жалпы билим берүү мектебинде өткөн алгачкы коңгуроо аземине катышты.
Мэр окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, билим берүү тармагындагы жетишкендиктерге токтолду.
Иш-чаранын алкагында мектептин жаңы курулган ашканасы, спорттук жана актылык залдары пайдаланууга берилди.
Ошондой эле окуучулардын билим алуусуна шарт түзүү максатында мектепке интерактивдүү доска тапшырылды.
Маалыматка ылайык, 2026–2027-окуу жылында Ош шаарында 10 миңден ашуун бала 1-класска кабыл алынды.
Анын ичинен кыргыз тилдүү класстар үчүн бөлүнгөн 4330 орундун 2790ун, ал эми орус тилдүү класстар үчүн каралган 7866 орундун 7613үн окуучулар ээлеген.