www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого кызматын тапшырбастан талапкер катары катыша алат.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзамга ылайык, президент жана Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо өнөктүгү учурунда ээлеген кызматтарын убактылуу тапшырууга милдеттүү эмес.

Шайназаров президенттик шайлоо ачык жана атаандаштык негизде өтөрүн белгилеп, административдик ресурсту колдонууга жол берилбей турганын айтты. Ошондой эле БШКга бийлик тарабынан басым жок экенин билдирди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев да президент Садыр Жапаров 2027-жылдагы шайлоого талапкер болуп катталган учурда кызматын убактылуу тапшырбай турганын айткан. Анын белгилешинче, жаңы шайлоо мыйзамдарында президенттин милдетин аткаруучу деген түшүнүк каралган эмес.

Июль айынын аягында Садыр Жапаров кезектеги президенттик шайлоону мамлекет башчынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ошого ылайык, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтүшү мүмкүн.

Президент буга чейин келерки шайлоого катышарын жана бардык талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүлөрүн билдирген.

Шайлоонун так датасын Жогорку Кеңеш белгилейт. Парламент кезектеги президенттик шайлоонун күнүн 27-сентябрга чейин дайындоого тийиш.

Последние новости