www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда жашы жете электердин антикинотеатрларда жана антикафелерде болушуна чектөө киргизүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Долбоорго ылайык, антикинотеатрларда, башкача айтканда жеке кинозалдарда, жашы жете электердин сутканын убактысына карабастан болушуна толук тыюу салуу сунушталууда.
Ал эми антикафе жана тайм-кафелерде балдардын түнкү убакта ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосусуз жүрүүсүнө чектөө киргизүү каралган.
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде мындай жайларда жабык жеке бөлмөлөр бар экени жана айрымдары күнү-түнү иштей турганы белгиленген. Бул өспүрүмдөрдүн чоңдордун көзөмөлүсүз чогулушуна шарт түзүшү мүмкүн экени айтылат.
Ошондой эле ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлгөн рейддердин жүрүшүндө балдардын укуктары бузулган учурлар аныкталганы көрсөтүлгөн.
Мыйзам долбоорунун негизги максаты — түнкү убакта балдардын коопсуздугун күчөтүү жана аларга карата же алардын катышуусунда укук бузуулардын тобокелдигин азайтуу.