www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ат-Башы гидроэлектр станциясында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык иштери уланууда. Учурда №1, №2 жана №3 гидроагрегаттарындагы кезектеги оңдоо иштери толугу менен аяктады.
Оңдоо иштеринин алкагында станциянын өндүрүштүк имараттарына капиталдык оңдоо жүргүзүлдү.
Ошондой эле Т-1 жана Т-2 трансформатордук аянтчалары тегизделип, шагыл төшөлдү.
Мындан тышкары, жүк көтөрүмдүүлүгү 2×25 тонналык көпүрөлүү кран 50 тонналык гидродинамометрдин жардамы менен сыноодон өткөрүлүп, автотранспорт каражаттарынын дизелдик жабдууларына кезектеги оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Станцияда өрт коопсуздугуна да өзгөчө көңүл бурулуп, автоматтык өрт сигнализациясын орнотуу иштери толугу менен аяктады.
Оңдоо иштеринин графигине ылайык, сентябрь айында №4 гидроагрегатты жана SFF-28000/115 үлгүсүндөгү №1 трансформаторду кезектеги оңдоодон өткөрүү пландалууда.
Ат-Башы ГЭСиндеги даярдык иштери «Электр станциялары» ААКнын 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата оңдоо өнөктүгүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.