www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БРИКСтин 11-сентябрда Индиянын борбору Нью-Делиде өткөн саммити дүйнөлүк экономиканын жана саясаттын багыты өзгөрүп жатканын дагы бир ирет көрсөттү. Уюм дүйнөлүк экономикадагы таасирин күчөтүп, көп уюлдуу дүйнөнүн негизги платформаларынын бирине айланууга багыт алды.

Бул жолку саммитте уюмдун экономикалык жана финансылык кызматташтыгын тереңдетүү, улуттук валюталар менен сооданы кеңейтүү, жаңы төлөм механизмдерин түзүү жана Глобалдык Түштүктүн дүйнөлүк саясаттагы ролун жогорулатуу маселелери талкууланды. Орусия президенти Владимир Путин БРИКСти «дүйнөлүк экономиканы алдыга сүйрөгөн негизги күч» деп атады.

Бул катардагы кооз билдирүү эмес. Бүгүн БРИКСке дүйнөнүн ири экономикасы, энергетикалык державалары жана калкы көп мамлекеттери кирет. Уюмдун өлкөлөрү дүйнө калкынын дээрлик жарымын, дүйнөлүк ИДПнын 40 пайызга жакынын жана дүйнөлүк сооданын төрттөн биринен көбүн түзөт. Мындай көрсөткүч БРИКСтин дүйнөлүк экономикадагы салмагын арттырып турат.

Буга дейре, атап айтканда экинчи дүйнөлүк согуштан кийин дүйнөлүк экономика негизинен Батыштын финансылык жана саясий институттарынын айланасында өнүгүп келди. Доллардын үстөмдүгү, ири финансылык уюмдар жана Батыштагы негизги рыноктор дүйнөлүк экономиканын эрежелерин аныктап турган. Азыр бул система акырындык менен өзгөрүүдө.

Башкача айтканда, Кытайдын дүйнөлүк өндүрүштөгү ролу, Индиянын экономикалык өсүшү, Россиянын энергетикалык ресурстары, Жакынкы Чыгыштагы капитал жана Латын Америкасынын ресурстук потенциалы жаңы экономикалык борборлордун күч алышына алып келүүдө. Путин саммитте белгилегендей, «дүйнөдөгү күчтөрдүн тең салмактуулугу Глобалдык Түштүк менен Чыгыштагы жаңы өнүгүү борборлорунун пайдасына өзгөрүп жатат». БРИКС дал ушул процесстин саясий көрүнүшү десек жарашат.

БРИКСтин келечегиндеги эң маанилүү маселелердин бири, бул финансылык көз карандысыздык болуп саналат. Уюм өлкөлөрү өз ара соодада улуттук валюталарды көбүрөөк колдонууга, төлөм системаларын өнүктүрүүгө жана финансылык операцияларды диверсификациялоого кызыкдар. Буга уюмдун курамындагы мамлекеттердин бири-бирин толуктаган мүмкүнчүлүктөрү жооп берет. Андыктан Путин сунуштаган БРИКСтин төлөм жана эсептешүү системаларын өнүктүрүү идеясынын маңызы дал ушунда жатат.

Алсак, Россия энергетика жана чийки зат ресурстары менен, Кытай кубаттуу өндүрүшү жана заманбап технологиясы аркылуу, Индия ири рыногу жана IT сектору менен, Бразилия айыл чарба мүмкүнчүлүктөрү менен айырмаланат. Перс булуңундагы мамлекеттер болсо дүйнөлүк энергетика жана инвестиция рыногунда өзгөчө орунга ээ. Эгер ушул мүмкүнчүлүктөр бирдиктүү экономикалык чынжырга бириге алса, БРИКСтин потенциалы азыркыдан кыйла чоң болот.

Бул жерде негизги максат, жаңы өндүрүштөрдү түзүү, технологиялык интеграция, инвестиция тартуу, транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга багыталат.

Бирок БРИКСтин күчтүү жактары менен катар олуттуу көйгөйлөрү да бар. Анткени уюм НАТО сыяктуу аскердик альянс эмес жана Евробиримдик сыяктуу бирдиктүү экономикалык мейкиндик да эмес. Ага кирген мамлекеттердин тышкы саясий кызыкчылыктары дайыма эле дал келе бербейт.

Анткени Индия менен Кытайдын атаандаштыгы, Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттердин карама-каршы кызыкчылыктары жана айрым өлкөлөрдүн Батыш менен болгон экономикалык байланыштары БРИКСтин бирдиктүү позиция түзүшүн кыйындатат. Ошондуктан уюмдун келечегин анын курамындагы өлкөлөрдүн саны эмес, алардын канчалык деңгээлде биргелешкен экономикалык механизм түзө аларына көз каранды болот.

БРИКСтин келечеги эми мунай, газ жана соода менен гана чектелбейт. Жасалма интеллект, робототехника, санариптик экономика, биотехнология жана космостук технологиялар дүйнөлүк атаандаштыктын жаңы майданына айланууда. Путиндин саммитте жасалма интеллект жана санариптик технологиялар дүйнөлүк экономикалык баалуулукту түзүүнүн эрежелерин өзгөртүп жатканын белгилегени да бекеринен эмес. Эгер БРИКС өлкөлөрү технологиялык кызматташтыкты күчөтүп, биргелешкен илимий жана өндүрүштүк долбоорлорду түзө алса, уюмдун дүйнөлүк салмагы дагы өсөт.

БРИКСтин күч алышы Борбор Азия үчүн да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Уюм Кытай, Россия, Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азияны байланыштырган географиялык көпүрө болуп турат. Андыктан жаңы транспорттук коридорлор, энергетикалык долбоорлор жана инвестициялык байланыштар Борбор Азиянын маанисин арттырышы мүмкүн. Кыргызстан үчүн бул процесстер жаңы рынокторго чыгуу, инвестиция тартуу жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу жагынан маанилүү болуп эсептелет.

Арийне, БРИКСти азырынча Батыштын ордун баскан жаңы дүйнөлүк система катары кабыл алуу эрте. Бирок аны жөн гана декларация кабыл алган эл аралык клуб катары кароо да туура эмес. Себеби, уюм дүйнөлүк экономикада жаңы күч борборлорунун пайда болушун тездетип жатат. Анын келечегин эми сөз эмес, конкреттүү иштер аныктайт. Алсак, улуттук валюталардагы соода көбөйөбү, жаңы төлөм системалары иштейби, инвестициялык механизмдер күчөйбү, технологиялык кызматташтык тереңдейби деген олутуу суроолор турат. Эгер бул процесстер ийгиликтүү ишке ашса, БРИКС дүйнөлүк экономиканын өз алдынча түркүгүнө айланышы мүмкүн.

Демек, БРИКС азырынча жаңы дүйнөлүк тартипти түзүп бүтө элек. Бирок ошол тартиптин пайдубалы түптөлүп жаткан негизги аянтчалардын бирине айланып калды.

Последние новости