www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук ишмер Ахунбай Кошоев: 2020-жылдын октябрында болгон үчүнчү революциянын ишке ашканына «Чон казат» партиясынын салымы бир топ, анткени алар шайлоо алдында көптөгөн иш-чара уюштуруп, социалдык тармактар аркылуу өз видеолорун кеңири таратып, элдин ишенимине кирген. Бирок парламенттик шайлоонун расми жыйынтыгы боюнча Жогорку кеңештеги орундардын дээрлик баардыгын бийликке жакын эки эле партия бөлүп алганы карапайым элдин кыжырын кайнаткан.

Добуш берүү 4-октябрда өткөн, эртеси, 5-октябрда, Бишкекте нааразылык митинги кечке уланды, ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков – митингдин катышуучулары менен эртең жолугам деген, бирок эртесине жеткирбей, эл түнүчүн Ак үйдү басып алды. Эгер Жээнбеков ошол эле 5-октябрда – шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарабыз, же митингге чогулган партиялардан атайын комиссия түзүп, маселени караштыруу тапшырмасын берем десе, балким, революция да болбой калмак...

Последние новости