www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп 26-майда пландуу медициналык кароодон өтүү үчүн медициналык борборго барат.
Ак үй тараткан маалыматта Дональд Трамп 26-май күнү Уолтер Рид атындагы медициналык борборго барып, жыл сайын өтүүчү стоматологиялык жана жалпы медициналык кароодон өтөрү айтылган. Бул текшерүү президенттин ден соолугун алдын алуу максатындагы кезектеги рутиндик баалоонун бир бөлүгү болуп саналат.
Ошондой эле билдирүүдө мамлекет башчысы борбордун аскер кызматкерлери менен жолугары, бул жолугушуу алардын «элге болгон кызматын, кесипкөйлүгүн жана берилгендигин баалоо» максатын көздөрү белгиленген.
Дональд Трамп акыркы жылдары ден соолугу тууралуу тараган ушактарды бир нече жолу четке каккан. АКШнын лидери өзүнүн физикалык жана психикалык абалы мыкты экенин айтып, башка президенттерге караганда көбүрөөк жана катуу иштей турганын белгилеп келет.