www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6-май күнү Кара-Көл ШИИБдин кызматкерлери тарабынан, шаардын аймагында белгисиз жарандар баңгизатын сактап жүргөндүгү боюнча маалымат аныктаган.

Аталган маалымат Кара-Көл ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин жүрүшүндө, Кара-Көл шаарынын аймагында бара жаткан эки скутер токтотулуп, текшерилген. Натыйжада 1990-жылы туулган К.Д., 2002-жылы туулган Ч.А., 2005-жылы туулган Х.Д. аттуу үч жарандан жалпы салмагы 42 кг 435 граммды түзгөн “марихуана” баңгизаты табылып, ошондой эле шектүүлөрдүн жашаган даректерин тинтүү учурунда кошумча баңгизат, ок-дарылар жана башка буюмдар табылган. Табылган буюмдарга карата тиешелүү соттук-химиялык, соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды.

Ал эми шектүүлөргө карата, Кара-Көл шаардык соту тарабынан эки айга камак түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары улантылууда.

 

Последние новости