www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге каршы козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу анын адвокаты Икрамидин Айткулов өзүнүн Facebook баракчасында жарыялады.

Анын жактоочусунун айтымында, Ташиев бийликти күч менен басып алууну пландаган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.

Айткуловдун айтымында, кылмыш иши соттук териштирүү үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Ташиев менен бирге дагы жети айыпталуучу да бул ишке катышып жатат.

Адвокат ошондой эле кылмыш ишинин материалдары жашыруун экенин белгиледи. Бул сот отурумдары жабык эшик артында өтөөрүн жана процесстин тараптарына тергөө жана соттук маалыматтарды ачыктоого тыюу салынарын билдирет.

Последние новости