www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан товарларды жана транспорт каражаттарын тиешелүү документтери жок өткөрүү үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертти.
Жаңы талаптар Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы №145 мыйзамына ылайык киргизилип, 21-августтан тартып күчүнө кирет.
Эми товарлардын наркына жараша төмөнкүдөй административдик айып пулдар каралган:
Товардын наркы 500 миң сомго чейин болсо:
500 миң сомдон 1 млн сомго чейин болсо:
1 млн сом жана андан жогору болсо:
Эгерде укук бузуу бир жыл ичинде кайталап жасалса, айып пулдун өлчөмү дагы көбөйөт. Мында товарлардын наркына жараша жеке жактар үчүн 70 миңден 250 миң сомго чейин, юридикалык жактар үчүн 130 миңден 350 миң сомго чейин айып пул салынат.
Мындан тышкары, укук бузуу бир жыл ичинде кайталап жасалган учурда, укук бузуунун түздөн-түз предмети болгон товарлар конфискацияланат.
Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдү, ташуучуларды жана транспорт каражаттарынын ээлерин мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды өткөрүүдө мыйзам талаптарын так сактоого чакырды.
Ошондой эле товарларга тиешелүү документтерди өз убагында жана туура тариздөөгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.