www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаз келип, гармондор козголуп турган мезгил түнкү көпөлөктөрдүн иши жүрүшүп, киши тааныбай калган учуру болуп саналат эмеспи. Бул мүмкүнчүлүктөн өкмөтүбүз дагы пайдаланып калса деген эле ой. Дегенибиз төшөк кумары аркылуу берилүүчү сифилис, гонорея, хламидиоз, трихомониаз, ВИЧ, СПИД, ВПГ деген аты өчкүр жаман оору, вирустар бар. Буларды дагы алдын алып, канча киши кирип чыкканын билип турмакпыз. Анын арты менен бюджетке дагы сансыз салык түшүп турат.

Акыркы учурда Кыргыз республикасынын территориясында СПИДди жуктуруп алгандардын саны миңге чукулдап калса, ВИЧ менен ооругандардын саны 13 миңге жетет. Бул катталып, даарыланып жүргөндөрдүн так саны гана. Унчукпай, келип үй-бүлөсүнө, башкаларга, кийинки «кардарларына» тараткандар дагы канча?

Мыйзамдаштырылса, «алигилердин алигисине» ККМ орнотулса, өткөн-кеткендерге «тың эткизе» чек берип, канааттандырып, алгач өзүн багып, анан артканын бюджетке берсе жаманбы? 

Ооба, мындай жол менен бюджетти толтуруунун, салык алууга каршы чыккандар да арабызда жок эмес. Бирок, төмөнкү окуяга бир ой толгоп көрөлүчү.

Бир жума баянда төмөндөгүчө суроо берилди эле:
— Эгер адам уурдап, ал тапкан оокаты менен үй-бүлөсүн бакса, үй-бүлө, бала-чакасы да арам оокат жеген болуп эсептелинеби?, - дегенде, чоң аалымыбыз:
— Уурулук кылган адамдыкы арам, ал эми үй-бүлөсү арам оокат жеген болуп эсентелинбейт. Уурдап келген адам уурулугу үчүн акыретте өзү жооп берет деди эле.

Туура, эски кесиптин ээлерине, зынаа, уурулукка биз да каршыбыз жана бул макалабыз менен ал нерселерди пропагандалаган жерибиз жок. Бирок, теманын башында айтылып кеткен улутубуздун келечегин кемире жеген, «сокур молдодой» жетелеп бара жаткан ооруларга кантип каршы турабыз?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости