www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Корея Орусияга Hwasong-11C (KN-30) үлгүсүндөгү оор баллистикалык ракеталарды өткөрүп бергени айтылууда.

Бул тууралуу Украинанын Башкы чалгын башкармалыгы билдирген. Анын маалыматына ылайык, Орусия биринчи жолу Түндүк Кореядан мындай оор баллистикалык ракеталарды алган.

Түндүк Кореянын маалыматы боюнча, KN-30 ракеталары 2,5 тоннага чейинки дүрмөттү алып жүрүп, 600–900 чакырым аралыктагы буталарга сокку ура алат.

Ошондой эле ракеталарды колдонуу жана техникалык тейлөө үчүн Түндүк Кореядан Орусиянын Воронеж облусуна 90го жакын адис жөнөтүлгөнү айтылууда. Алар Орусиядагы алтыга чейин ракета учуруучу түзүлүштү тейлеп жатканы кабарланууда.

Последние новости