www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Францияда айыккыс оорудан жабыркаган бойго жеткен бейтаптарга эвтаназияга укук берген мыйзам күчүнө кирди. Бул тууралуу The Guardian басылмасы маалымдады.
Мыйзамга ылайык, эвтаназия айыккыс жана чыдагыс ооруну жараткан оорулары бар, Франциянын жараны же өлкөдө туруктуу жашаган адамдарга гана колдонулат.
Процедурадан мурун дарыгер бейтаптын мыйзамда белгиленген талаптарга жооп берерин текшерет. Андан кийин атайын комиссиянын уруксаты талап кылынат. Бейтап чечимин процедурага чейин кайра тастыкташы керек жана каалаган учурда макулдугун жокко чыгара алат.
Мыйзам боюнча, бейтап процедураны өз алдынча аткарышы керек. Эгер физикалык жактан мүмкүн болбосо, медициналык кызматкер жардам бере алат.
Эвтаназия — айыккыс жана катуу азап тарткан адамдын өмүрүн медициналык жол менен атайылап токтотуу практикасы