www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин ШКУнун саммитине катышат

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышат.

Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдирген.

«Президенттин катышуусу пландалууда, бул чын», — деп белгилеген Песков.

Анын айтымында, алдыда өтө турган иш-чара масштабдуу болуп, программасы абдан мазмундуу болот. Ошол эле учурда Владимир Путиндин саммиттин алкагында өткөрө турган эки тараптуу жолугушуулары жана сүйлөшүүлөрү тууралуу азырынча так маалымат жарыялана элек.

Белгилей кетсек, буга чейин, 7-июлда Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 30–31-август күндөрү Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин катышуусунда Мамлекет башчылары кеңешинин жыйыны өтөрүн билдирген.

Мындан тышкары, 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлөт. Ушул эки иш-чарага байланыштуу Кыргызстанга 21 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын келиши күтүлүүдө

Последние новости