www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Nazarnews маалымат агенттиги  ырчы, акын Сонунбүбү Кадырова менен Роза Отунбаеванын сыны боюнча пикир алыштык.

-Коомчулукта  Роза Отунбаеванын  президент Сооронбай Жээнбековду  Александр Лукашенкону куттуктаганы үчүн   сынга алганы боюнча түрдүү кептер айтылууда. Роза Отунбаеванын  куттуктоодон саясат издегени  туурабы?

-Негизи бирөөнүн ишин сыртынан карап  турганда гана кемчилиги  билинет. Бул жерде Отунбаева Жээнбековго жете албай, саясатына аралаша албай калып, сындап жатат деп түшүнсөк болот. Эгер Отунбаева  менен эсептешип турса,  Жээнбековдун  кемчилигин  издеп кычыктанмак  эмес. Президент катары  коллегасына  куттуктоо  айтып коюу ар бир Президенттин милдети. Алар ич ара эмне болуп жатат, кандай саясат  жүргүзүп жатат, аны карап, алардын  ички ишине кирүүшүүгө  акысы да жок. Муну  туура  түшүнгөн  Президентибиз өз милдетин  аткарып куттуктап койду. Мындан  саясат жасоонун да кереги жок.

-Бирок, Роза Отунбаева президенттин  куттуктоосун революциянын кадырыны доо кетиргендей, революцияга түкүргөндөй кабыл алды го?

-Бул куттуктоо революциянын   кадырын түшүргөн да жок, түшүрө  да албайт.  Музейге  аялдардын ич кийимин  илгенге караганда алда канча  аң сезимдүү чечим болду. Бул жерде Отунбаева үн чыгарып,  бар экенин билдириш үчүн эле илешип жаткандай таасир калтырат. Ошондой эле кайсы бир партияны  тымызын сүрөгүсү  келип, ушундай кадамга барып жаткансыйт.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости