www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хакасияда беш кыргызстандык жол кырсыгына кабылып, экөө көз жумду. Бул тууралуу аймак боюнча Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын "ВКонтакте" тармагындагы баракчасына жарыяланды.

На месте ДТП с кыргызстанцами в Хакасии

Маалыматка караганда, кыргызстандыктар Красноярск крайынан көлгө түшүп, эс алуу үчүн барышкан. Кырсык 11-август күнү саат 13:50дө Ачинск — Ужур — Шира — Троицкое автожолунун 232-чакырымында болгон.

Nissan Sunny автоунаасынын 24 жаштагы айдоочусу бурулуштан рулду башкара албай калып жолдун жээгине чыгып кеткен. Жыйынтыгында автокөлүк ала салып барып токтогон.

"Кесепетинде арткы орундуктагы эки киши көз жумган. Айдоочу менен 24 жана 20 жаштагы эки жигитке медициналык жардам көрсөтүлдү. Бирок алар ооруканага жаткан жок", — деп айтылат маалыматта.

Учурда кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости