www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Сокулук районунда атмосфералык абаны коргоо жана автотранспорттон чыккан зыяндуу заттардын абага таралышын алдын алуу боюнча рейд өткөрүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй облусу боюнча регионалдык башкармалыгы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарын бузган учурлар аныкталды.

Рейддин жыйынтыгында эки административдик протокол түзүлүп, мыйзам бузгандарга жалпы суммасы 30 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Министрликтен билдиришкендей, экологиялык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылат.

Последние новости