www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандардын жеке маалыматтарынын таралышы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуунун мыйзамдуулугу тууралуу маселени сот карайт. Бул тууралуу юрист Нурбек Токтакунов Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, сот отуруму 24-сентябрда саат 14:30да Ленин райондук сотунда өтөт. Юрист бул ишти шарттуу түрдө «Орунбековдун иши» деп атаган.

– Расмий түрдө бул “Орунбековдун иши” деп аталбайт. Мен өзүм ушундай атап койдум, анткени система жеке маалыматтарды таратканы үчүн анын жеке жоопкерчилигин эске албай, улам айланып өтүп жатат.

Азырынча сот процесстик маселени гана карайт. Тактап айтканда, милициянын тергөөчүсүнүн “эч кандай укук бузуу болгон эмес” деген токтомунун мыйзамдуулугу каралат.

Тергөөчү мындай жыйынтыкка маалыматтардын сыртка чыгып кетишине тиешеси бар адамдарды суракка албагандыктан келген. Ал эми бул окуядагы негизги адам – Орунбеков.

Ошентип, Орунбеков күнөөлүү эмес болуп жатат. Анткени ал суракка алынган эмес. Ал эми кылмыштын курамы жок деген жыйынтык тергөөчүнүн өз милдетине кайдыгер мамиле кылганынан улам чыгарылган, - деп жазган юрист.

Эске салсак, 20-июлда президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасына өзү «фейк маалыматтарды жана Кытайга каршы маанайларды таратып жатышат» деп эсептеген жана жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн болгон жарандардын тизмесин жарыялаган.

Тизмеге активисттер, укук коргоочулар, журналисттер жана саясат таануучулар кирген.

Юристтер Орунбековдун аракеттеринде кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу жана күнөөсүздүк презумпциясын бузуу белгилери болушу мүмкүн экенин билдиришкен.

Мындан тышкары, жарыяланган тизмеде жарандардын паспортторундагы сүрөттөрү колдонулган. Бул «Түндүк» системасындагы жеке маалыматтардын коопсуздугу боюнча да суроолорду жараткан.

22-июлда юрист Нурбек Токтакунов президент Садыр Жапаровго кайрылып, компетенттүү органдарга жеке маалыматтардын мүмкүн болгон сыртка чыгып кетишин текшерүүнү тапшырууну өтүнгөн. Даттануу «Түндүк» аркылуу жөнөтүлгөн.

Ушундай эле арыз менен «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун директору Гүлшайыр Абдирасулова жана башка жарандар да кайрылышкан.

Кийинчерээк Ички иштер министрлиги сотко чейинки текшерүү жүргүзө баштаганы белгилүү болгон.

Последние новости