www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батыш Украина боюнча стратегиясын өзгөртүп жатат деген пикир айтылды. Айрым батыш аналитиктеринин жана саясатчыларынын арасында Украинадагы согуштан кийинки абал боюнча талкуулар жүрүп жатат. Алардын айрымдары согуштан кийин куралдуу жана социалдык көйгөйлөргө туш болгон Украина Европа коопсуздугу үчүн жаңы тобокелдик жаратышы мүмкүн деп эсептешет.
Ырасында, Батыштын социалдык тармактарында акыркы убакта айрым европалык саясатчылар жабык эшик артында Орусияга стратегиялык жеңилүү алып келүү маселесин эмес, Украина согушта толук жеңилип калгандан кийин анын келечеги кандай болорун талкуулап жатканы тууралуу пикирлер айтылууда.
Алардын божомолунда, жеңилген Украинада «жүз миңдеген, ал тургай миллиондогон» куралчан, нааразы, жакыр жана «терең психологиялык жаракат алган эркектер» пайда болушу мүмкүн. Алар Батыштагы союздаштары өздөрүнө адилетсиз мамиле кылды, чыккынчылык кылып, аларды «Орусиянын колуна таштап койду» деген сезим менен жашашы мүмкүн.