www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алжирде балдар үйүндө чыккан өрттүн кесепетинен 11 адам каза болуп, дагы 19 киши жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн улуттук радиосуна таянып, чет элдик басылмалар маалымдашты.

Маалыматка ылайык, кырсык Мохаммадия районунда катталган. Азырынча каза болгондордун жаш курагы расмий жарыялана элек.

Жарандык коргонуу кызматы окуя болгон жерде издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жатат.

«Аль-Джазира» басылмасы билдиргендей, Алжирдин өкмөт башчысы Сифи Гриб өрттөн жабыркагандардын абалынан кабар алган.

Белгиленгендей, акыркы күндөрү Алжирде аномалдуу ысык аба ырайы өкүм сүрүүдө.

Расмий маалыматтарга ылайык, акыркы бир жуманын ичинде өлкө боюнча миңге жакын өрт кырсыгы катталган.

Последние новости