www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу капчыгайында ири курорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинин эскиздик долбоору иштелип чыкты.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор Шаар куруу жана архитектура департаментине караштуу Москва райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан инвестицияларды тартуу жана аймактын туристтик потенциалын өнүктүрүү максатында даярдалган.

Долбоор деңиз деңгээлинен болжол менен 2 миң метр бийиктикте жайгашып, 200 орундуу көп функционалдуу мейманкана комплексин курууну камтыйт.

Комплекстин курамында үч мейманкана корпусу, төрт апарт-отель, тогуз өзүнчө коттедж, тогуз конок үйү, альпинизм борбору бар спорттук комплекс, универсалдуу спорт залы, балдар борбору жана термалдык аймагы бар заманбап SPA-борбор куруу каралган.

Министрликтин маалыматына ылайык, тоолуу аймактагы мындай масштабдуу объектти долбоорлоодо рельефтин өзгөчөлүктөрү, климаттык шарттар, инженердик инфраструктуранын талаптары жана курулуш объекттеринин жаратылыш ландшафты менен шайкештиги комплекстүү эске алынган.

Долбоордун ишке ашырылышы Ак-Суу капчыгайынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ички жана тышкы инвестицияларды тартууга, ошондой эле экологиялык талаптарга жооп берген заманбап эс алуу инфраструктурасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

Последние новости