www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Орусиянын экономикасын толугу менен аскердик багытка өткөрүү боюнча сунуштарды кескин сынга алды.
Анын айтымында, мындай кадам өлкөдөгү кадимки экономикалык жашоону бузуп, акырында Орусиянын өзүнө чоң зыян алып келиши мүмкүн.
Собянин ТАСС агенттигине берген маегинде акыркы жылдары айтылып келген жана Мамлекеттик Думанын депутаты Андрей Колесник көтөргөн «аскердик экономикага өтүү» демилгеси негизсиз экенин белгиледи.
- Эгер тынч жашоого багытталган экономика болбосо, салык түшүүлөрү да, элдин кирешеси да болбойт. Мындай шартта согушта ийгиликке жетүү да, өлкөдөгү туруктуулукту сактоо да мүмкүн эмес. Кадимки экономиканы талкалоо — мамлекеттин өзүн талкалоо дегенди билдирет, - деди Собянин.
Буга чейин Мамлекеттик Думанын коргоо комитетинин мүчөсү Андрей Колесник Украина тараптан Орусия аймагына жасалган соккулардан кийин өлкөнүн экономикасын «аскердик багытка өткөрүү» жана «кеңири масштабдуу согуш аракеттерин баштоо» сунушун айткан.