www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун капиталын 2030-жылга чейин 1 млрд долларга жеткирүү мерчемделүүдө.

Бул тууралуу фонддун төрагасы Артем Новиков билдирди.

Анын айтымында, бул багыттагы алгачкы кадам VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында жасалат. Тактап айтканда, Евразия өнүктүрүү банкы менен 50 млн долларга жакын каржылоо тартуу боюнча келишимге кол коюу пландалууда.

Новиков белгилегендей, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жыл сайын өлкөдөгү инвестициялык долбоорлорду каржылоого жүздөгөн миллион доллар бөлүп келет.

Өткөн жылы экономикага 135 млн доллар инвестиция салынса, быйыл бул көрсөткүч 300 млн долларга жакындаган.

Жалпы каржылоонун көлөмү бүгүнкү күндө 1,5 млрд долларга жакындап, каражаттар өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталууда.

Последние новости