www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жана башка эл аралык иш-чаралардын коопсуздугун камсыздоо боюнча түзүлгөн Координациялык штаб күнү-түнү жана мобилдик режимде иш алып барууда.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Координациялык штаб президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен мамлекеттик органдардын коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерин координациялоо максатында түзүлгөн. Штаб ошондой эле иш-чаралар өтүүчү жайларга барып, даярдык иштерине көз салууда.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбековдун айтымында, негизги максат – коопсуздукка байланышкан коркунучтарды алдын ала аныктап, өз убагында жоюу жана мекемелер аралык ыкчам чечимдерди кабыл алуу.

«Бардык тобокелдиктер алдын ала аныкталып, жоюлушу керек», – деди ал.

Белгилей кетсек, ШКУнун саммити 2026-жылдын август–сентябрь айларында Бишкекте өтөт. Ал эми VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин уюштурулат.

Оюндардын ачылыш аземи Бишкекте өтсө, негизги мелдештер Ысык-Көл облусунда болот.

Иш-чараларга 100дөн ашык өлкөдөн спортчулар жана коноктор катышары күтүлүүдө.

Последние новости