www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 28-майда кабыл алынган.

Жаңы мыйзамга ылайык, референдум өткөрүү чечимин президент өз демилгеси менен, 300 миңден кем эмес шайлоочунун же Жогорку Кеңеш депутаттарынын көпчүлүгүнүн демилгеси менен кабыл алат.

Документ 2021-жылы кабыл алынган Конституцияга ылайыкташтырылып, референдумду уюштуруу, өткөрүү жана жыйынтыгын чыгаруу тартибин тактайт. Ошондой эле жарандардын референдумга катышуу укуктарынын кепилдиктери күчөтүлүп, добуш берүү, анын ичинде аралыктан добуш берүү жана шайлоочуларды аныктоо жол-жоболору такталды.

Мыйзам 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Последние новости