www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусундагы Каракол мамлекеттик жаратылыш паркына караштуу Аюу-Төр капчыгайында жер көчкү түшүп, Каракол дарыясынын нугун бөгөп, агымын өзгөрттү.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, дарыя чарбалык ички жолду жууп кетип, капчыгайдын жогорку бөлүгүнө алып баруучу жол убактылуу жабылган.
Натыйжада капчыгайдын өйдө жагында жүргөн 40 турист жана 35 жергиликтүү тургун ылдый түшө албай калган.
ӨКМдин маалыматы боюнча, алар жакынкы туристтик базада түнөшкөн.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар жок.
Учурда окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникалары иштеп, жолду калыбына келтирүү жана тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.