www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия президенти Владимир Путин мобилизация, аскердик абал же согуш мезгилинде Коргоо министрлиги менен келишим түзө ала турган соттолгон жарандардын категорияларын кеңейткен мыйзамга кол койду.

Документ расмий укуктук маалымат порталында жарыяланды.
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, айрым кылмыштар боюнча соттолгон жарандарга мурда коюлган чектөөлөр алынат.

Алардын катарына накталай акчаны, баңгизаттарды, курал-жаракты, жарылуучу заттарды жана башка кооптуу буюмдарды мыйзамсыз ташуу, бандитизм, кылмыштуу топ түзүү, корголуучу объекттерге мыйзамсыз кирүү, энергетикалык объекттердин коопсуздук талаптарын бузуу, ядролук материалдар менен мыйзамсыз иш алып баруу, мамлекеттик сырды камтыган документтерди жоготуу жана мыйзамсыз миграция уюштуруу сыяктуу кылмыштар кирет.

Ошол эле учурда жашы жете электердин сексуалдык кол тийбестигине каршы кылмыштары үчүн соттолгондорго аскердик кызмат боюнча келишим түзүүгө тыюу сакталат.

Мыйзам Мамлекеттик Дума тарабынан 22-июлда кабыл алынып, Федерация Кеңеши тарабынан 24-июлда жактырылган.

Россиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, өзгөртүү келишимдик негизде кызмат өтөөгө талапкерлердин санын көбөйтүүгө багытталган.

Соттуулугу бар аскер кызматкерлери өзүнчө атайын бөлүктөрдө кызмат өтөшү мүмкүн.

Ошондой эле алар үчүн кошумча көзөмөл чаралары каралган.

2022-жылдын ноябрында Путин айрым оор кылмыштар боюнча соттуулугу жоюла элек же алынбаган жарандарды мобилизацияга тартууга уруксат берген мыйзамга кол койгон.

Ошондон бери аскердик кызмат өтөөгө мүмкүнчүлүк алган соттолгондордун категориялары бир нече жолу кеңейтилген.

Последние новости