www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында тынчтыкты сактоого чакырган жаранга кол көтөргөн эки адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 4-август күнү таңкы саат 05:00 чамасында болгон. Тергөө кызматынын алдын ала маалыматы боюнча, көчөдө ызы-чуу кылып отурган жаштарды 1969-жылы туулган жаран тынчтыкты сактоого чакырган. Бирок алар эскертүүнү туура эмес кабыл алып, жаранга кол салышкан.

Окуяга тиешеси бар төрт адам ошол эле күнү саат 09:00 чамасында милициянын кайгуул кызматы тарабынан кармалып, Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Алардын унаасы айып короого киргизилген.

Кармалгандардын үчөө 2007-жылы, бирөө 2008-жылы туулган.

Тергөө кызматы окуянын активдүү катышуучулары деп шектелген 2007-жылы туулган К.Н. жана 2008-жылы туулган А.Б. аттуу жарандарды 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизген.

Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча кылмыш иши козголду. Алардын баш коргоо чарасы боюнча маселени Ош шаардык соту карайт.

Последние новости