www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагын ачуу аземине катышты
3-июль күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагын расмий ачуу аземине катышты.
Иш-чарада мамлекет башчысы бул долбоор өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндө жаңы этапты баштай турган маанилүү платформа болорун белгиледи. Анын айтымында, «Тамчы» аймагы региондук жана эл аралык деңгээлдеги инвестициялык процесстер үчүн заманбап аянтчага айланат.
Президент долбоор акыркы беш жыл ичинде терең изилдөөлөрдүн жана эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен иштелип чыкканын айтып, анын укуктук базасы толук түзүлгөнүн белгиледи. Аймактын иштөө тартиби, башкаруу системасы, лицензиялоо, каттоо жана талаштарды чечүү механизмдери мыйзам менен бекитилген.
Садыр Жапаровдун айтымында, 2035-жылга чейин «Тамчы» аймагында 3900дөн ашык резидент-компания иштеп, 10 миңден ашык жумуш оруну түзүлүшү күтүлүүдө.
Мамлекет башчысы долбоордун негизги максаты — калк үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү, ишкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана мамлекеттин экономикалык өсүшүнө жаңы булактарды ачуу экенин белгиледи.
Ал ошондой эле аймакта банктык, инвестициялык, камсыздандыруу, санариптик финансылык кызматтар жана башка заманбап багыттар өнүгө турганын айтты. Мындан тышкары, эл аралык деңгээлде таанылган, англис укугуна негизделген талаштарды чечүү борборун түзүү пландалып жатканы белгиленди.
Президент долбоор Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо талаптарын толук эске алуу менен ишке ашырыларын баса белгилеп, көлдүн жээгинде заманбап туристтик инфратүзүм да өнүктүрүлөрүн кошумчалады.
Иш-чаранын соңунда Садыр Жапаров Кыргызстан масштабдуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жөндөмдүү, дүйнөгө ачык жана атаандаштыкка даяр өлкө болуп бара жатканын белгиледи.