www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев 3-июлда Иран Ислам Республикасынын борбору Тегеранда аталган өлкөнүн Ислам Кеңешинин Мажлисинин Төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу Иран Ислам Республикасынын Жогорку Лидери Аятолла Сейед Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнатынын алкагында уюштурулганы маалымдалды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Марлен Маматалиев иран тарапка Иран Ислам Республикасынын Жогорку Лидери Аятолла Сейед Али Хаменеи, Жогорку Улуттук Коопсуздук Кеңешинин катчысы Али Лариджани жана башка саясий ишмерлердин каза болушуна байланыштуу көңүл айтты.

Ошондой эле ал аскердик аракеттерден улам каза болгон жарандардын жакындарынын кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди.

Төрага аймактагы кырдаалга токтолуп, Жакынкы Чыгыштагы чыңалууга тынчсыздануусун билдирип, бардык тараптарды эл аралык укуктун нормаларын сактоого, сабырдуулук көрсөтүүгө жана маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды.

Ал ошондой эле Кыргызстан Иран менен АКШнын ортосунда жетишилген макулдашууну чыңалууну азайтууга багытталган маанилүү кадам катары баалай турганын белгилеп, бул өз ара ишенимди бекемдөөгө өбөлгө болорун кошумчалады.

Мындан тышкары, Марлен Маматалиев жарандык инфраструктурага келтирилген зыянды жана адам курмандыктарын эске алуу менен Кыргыз Республикасы Иран элине гуманитардык жардам көрсөткөнүн билдирди.

Өз кезегинде Мохаммад-Багер Галибаф кыргыз тарапка көңүл айтуусун билдирип, Жогорку Лидерди акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышкан Марлен Маматалиевге ыраазычылык айтты.

Жолугушууда тараптар кыргыз-иран кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин да талкуулап, быйыл Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун жыйындары боюнча пикир алмашышты.

Последние новости