www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маалыматтарга караганда, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын Орусияга болгон сапары өлкө күткөндөй жыйынтык берген эмес.
6-июлда башталган сапардын алкагында Екатеринбург шаарындагы эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышкан Пашинян Арменияга нааразы маанайда кайтып келген. Анткени негизги маселелер боюнча конкреттүү келишимдерге жетише алышкан эмес.
Атап айтканда, Орусия тарабынан армян товарларын импорттоого киргизилген чектөөлөрдү алып салуу боюнча жылыш болгон эмес. Ошондой эле булактардын маалыматы боюнча, жаратылыш газынын баасы боюнча жыйынтык чыкпаган.