www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга кирген 36 тонна ун артка жөнөтүлдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгы тарабынан 36 тонна унга байланыштуу мыйзам бузуу аныкталды.

Маалыматка ылайык, 8-июлда кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан «Жыйынды постунда» жүргүзүлгөн карантиндик фитосанитардык текшерүү учурунда Казакстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан ун партиясында талаптар сакталбаганы белгилүү болгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө фитосанитардык тобокелдиги жогору карантиндик продукция үчүн зарыл болгон фитосанитардык сертификат көрсөтүлгөн эмес.

Евразия экономикалык бирлигинин аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү тартибине ылайык, тиешелүү документтери жок жүк жөнөтүүчүгө кайра кайтарылды.

Последние новости