www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаза аткаруу мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандарга атайын сабак уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө КМДБнын калкты диний маалымат менен камсыз кылуу бөлүмүн адиси Акылбек ажы Тагаев жана Үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Эрик ажы Молдокулов ислам баалуулуктары, Тообо кылуу, өзүн тарбиялоонун жолдору туурасында баяндарды айтышты.
«Бул сыноолуу дүйнөдө жаза басып, адашып кетип бул жерге келип калган бир туугандар! Алла Таала абдан Айкөл жана Кечиримдүү Зат. Өтмүштө кылган күнөөлөрүбүз үчүн тообо кылып, жакшы адамга айлансак, Ал кечирет. Айтайын дегеним, азыр тообо эшиктери ачык. Тообонун эки шарты бар: бири – өкүнүү, экинчиси – аны эч качан кайталабоо. Алланын жакшылыгынан эч качан үмүт үзбөй, эки дүйнөдө тең бактылуу болууга эч качан кеч эмес!», – деди Акылбек ажы Тагаев
Акылбек ажы Тагаев өз лекциясында адам акысы боюнча да токтолуп, мурда-кийин кимдир-бирөөнүн акысына кирген инсандар болсо, бул жашоодо эң жакшы маанайда кечиришүү керектигин белгиледи.
Ал эми Кыргызстан мусулмандарын диний башкармалыгынын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Эрик ажы Молдокулов жума күндүн мусулмандар үчүн маани маңызы жөнүндө баяндама жазап жарандарга жума намазын окутту.
Белгилей кетсек Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын колдоосу менен өткөн иш-чара соттолгондорго диний дөөлөттөрдү жеткирүү жана аларга моралдык колдоо көрсөтүү максатында уюштурулууда.