www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян уулу Ашотту Тоолуу Карабакта согуш аракеттери аяктагандан кийин Азербайжанда туткундалган бардык армяндарга алмаштырууга даяр. Бул тууралуу Борбор Азия медиасы жана башка чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Пашинян, өлкөнүн экс-президенти Серж Саркисяндын сынына жооп берип жатып, «Мен Алиевге (ред. Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевге) расмий түрдө айтам— мен туткунга түшкөндөрдүн ордуна уулумду сунуштайм. Расмий түрдө! Адамдарды сатып алуу жана сатуу боюнча адис катары Сержик менен Робик, мен сизге бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү укугун берем», - деди.
Бул билдирүүгө чейин Армениянын мурдагы президенти Серж Саргсян, Азербайжандын түрмөлөрүндө жаткан туткундардын абалы оор экендигин айтып, бийликти сындаган.
«Пашинян жалпысынан бул адамдардын кандай абалда экендигин түшүнөт?! Ашотикин Азербайжанда кармалып турган 20-25 аскерге алмаштырсын. Туткундар каалаган учурда кыйноого, зордуктоого, ал тургай өлтүрүлүп кетүү коркунучуна туш болушат», — деген Саркисян.
Булак: NazarNews.kg