www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран коңшуларына катуу эскертүү берди

Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Мохсен Резаи АКШнын санкцияларынан улам ирандык учактарды кабыл алуудан баш тарткан коңшу өлкөлөргө чара көрүлөрүн эскертти.

Анын айтымында, эгер коңшу мамлекеттер Ирандын каттамдарын токтотууга катышса, алардын аэропортторунда да учуулар токтотулушу мүмкүн.

«Эгер силер АКШнын тарабын тандасаңар, биз жөн гана карап турбайбыз. Эгер коңшу өлкөлөр АКШга кошулуп, ким Ирандын каттамдарын токтотууга аракет кылса, анда алардын аэропортторунда да учуулар болбойт», — деди Резаи.

АКШ Ирандын авиация тармагына санкцияларды күчөткөндөн кийин Тегерандан Багдад жана Маскатка айрым каттамдар токтотулган.

Ошол эле учурда Ирандын Кытай, Түркия, Армения жана БАЭге айрым каттамдары уланууда.

Последние новости