www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунда шаар куруу мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча 32 объект текшерилип, жыйынтыгында 2 млн 420 миң сом айып пул салынды.
Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы билдирди.
Текшерүү Бишкек шаардык экологиялык прокуратурасынын көрсөтмөсүнүн негизинде жүргүзүлгөн. Анын алкагында Чолпон-Ата шаарынын жана Бостери айылынын аймагындагы курорттук-рекреациялык объектилер, анын ичинде конок үйлөрү жана башка туристтик жайлар пландан тышкары текшерилген.
Текшерүүнүн жыйынтыгында шаар куруу мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен курулган жана пайдаланылып жаткан 32 объект аныкталган.
Мындан тышкары, буга чейин мыйзам бузуулар катталган айрым объектилер кайра текшерилип, кемчиликтерди жоюу боюнча көрүлгөн чаралардын аткарылышы каралган.
Жыйынтыгында мыйзам бузууларды жоюу боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, жалпы 2 млн 420 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.