www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каспий деңизинде кырсыктаган 17 аскер кызматкеринин арасынан аман калган үчөөнүн бири — 19 жаштагы атыраулук Бекет Куандык жээкке өз күчү менен жеткен. Бул тууралуу анын апасы Карлыгаш Мырзагалиева «Ак Жайык» басылмасына билдиргенин Politico.kz жазды.
Буга чейин басылма Бекеттин ооруканада жатканын кабарлаган. Окуядан кийинки алгачкы сааттарда жакындары анын тирүү калганын гана билип, ооруканага жеткирилген болушу мүмкүн деп болжошкон. Окуяны уккан үй-бүлөсү дароо Актауга жол тарткан. Эртең менен уулу менен жолукканда гана анын ооруканага түшпөгөнүн билишкен.
«Кудайга шүгүр, уулум тирүү. Эртең менен Актауга келип, аны көрдүк. Аман-эсен, өзү басып жүрөт. Жээкке өз күчү менен жеткен. Калган жагдайлар тергөө аяктагандан кийин белгилүү болот. Балдарыбыз али жаш, башынан өткөргөн окуялары өмүр бою эсинде калат», — деген анын апасы.
Бекет Куандык Атырау облусунун Махамбет айылынан. Ал 2025-жылдын 3-октябрында аскерге чакырылып, Актаудагы №29011 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан.
Эске салсак, 24-сентябрда Каспий деңизинде машыгуу учурунда аба ырайы бузулуп, 17 аскер кызматкерин толкун тартып кеткен. Анын ичинен 14ү каза болуп, үчөө аман калган. Алардын бири Акжол Темиралиев ооруканада дарыланууда.
Окуя боюнча эки кылмыш иши козголуп, беш кызмат адамы кармалганы кабарланды.
25-сентябрь Казакстанда жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.