www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров 2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоону эркин, таза жана ачык өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча жарлыкка кол койду.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Жарлык шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана ачык-айкындыгын камсыз кылууга, жарандардын шайлоо укуктарын сактоого жана бардык талапкерлер үчүн тең шарттарды түзүүгө багытталган.
Документте мамлекеттик жана муниципалдык органдардын шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүсүнө жана административдик ресурсту айрым талапкерлердин кызыкчылыгында пайдаланууга жол бербөө белгиленген.
Ошондой эле мугалимдерди, окуучуларды, жогорку окуу жайлардын окутуучуларын жана студенттерин, социалдык жана медициналык мекемелердин кызматкерлерин, ошондой эле калкка кызмат көрсөтүүчү башка мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын кызматкерлерин талапкерлердин биринин пайдасына үгүт иштерине тартууга тыюу салынат.
Мыйзамсыз үгүт иштерине катышкан же кызматтык абалын талапкердин пайдасына пайдаланган мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери менен кызмат адамдары тартиптик жоопкерчиликке тартылышы, зарыл учурда кызматтан бошотулушу мүмкүн.
Мындан тышкары, БШКга шайлоо мыйзамдарын бирдей колдонуу жана жарандарга түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча кошумча чараларды көрүү сунушталды.
Эл аралык байкоочулардын шайлоого катышуусун камсыз кылуу боюнча да чаралар каралган.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 2026-жылдын 24-сентябрындагы токтомуна ылайык, президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына дайындалган.