www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Астана шаарында Казакстан Республикасынын вице-президенти Ерлан Карин менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-казак мамилелерин мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Тараптар эки боордош элдин ортосундагы достук жана жакшы коңшулук мамилелердин бекемделишине негиз болгон өз ара урмат-сый, ынтымак, биримдик, өз ара жардамдашуу жана түшүнүшүү принциптеринин маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушууда кыргыз жана казак элдеринин ортосундагы кылымдардан бери калыптанган тарыхый, маданий жана гуманитардык байланыштарды сактоо жана мындан ары өнүктүрүүгө көңүл бурулду.
Тараптар өз ара колдоону жана конструктивдүү диалогду улантуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, эки боордош мамлекеттин ортосундагы коомдук жана гуманитардык байланыштарды мындан ары кеңейтүү боюнча пикир алмашты.