www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого байланыштуу шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө кайрылды.

БШКнын маалыматына ылайык, президенттик шайлоого 18 жашка толгон Кыргызстандын жарандары катыша алат. Шайлоочулардын алдын ала тизмеси 2026-жылдын 8-ноябрына чейин www.tizme.gov.kg порталына жарыяланат. Ошондой эле тизме шайлоо участокторуна 18-ноябрга чейин илинет.

Тизмеде ката же так эместик аныкталса, жарандар 2026-жылдын 18-ноябрынан 2027-жылдын 12-январына чейин «Шайлоочунун кабинети» аркылуу электрондук түрдө арыз бере алышат.

Президенттикке талапкер 35 жашка толгон, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпы 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны болушу керек. Ошондой эле талапкерди кеминде 30 миң шайлоочунун колу колдоого алышы зарыл. Кол топтоо электрондук форматта жүргүзүлөт.

Талапкерлерди көрсөтүү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин, ал эми аларды каттоо 23-декабрга чейин аяктайт. Талапкерлер шайлоо фондун түзүп, мыйзамда белгиленген шайлоо төгүмүн төлөөгө тийиш.

БШК талапкерлерди жана алардын өкүлдөрүн шайлоо мыйзамдары, үгүт жүргүзүү, шайлоо өнөктүгүн каржылоо жана башка маселелер боюнча атайын семинарларга катышууга чакырды.

Мындан тышкары, БШК жалпыга маалымдоо каражаттары менен интернет-басылмаларды шайлоо процессин мыйзам чегинде маалыматтык чагылдырууга чакырды. Үгүт иштерине катышуу үчүн ЖМКлар жана интернет-басылмалар БШКдан аккредитациядан өтүшү керек.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.

Последние новости