www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пакистан Казакстанга Карачи, Порт-Касим жана Гвадар порттору аркылуу транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү сунуштады. Бул тууралуу Пакистандын деңиз иштери боюнча министри Мухаммад Жунайд Анвар Чаудри билдирди.
Учурда эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 105,6 млн долларды түзөт. Тараптар бул көрсөткүчтү 1 млрд долларга жеткирүүнү көздөшүүдө.
Казакстан менен Пакистан ортосунда жүк ташуу үчүн Өзбекстан, Түркмөнстан жана Афганистан аркылуу, Иран аркылуу, ошондой эле Кыргызстан менен Кытай аркылуу өткөн үч негизги багыт каралууда. Бирок аймактагы коопсуздук жана инфраструктуралык көйгөйлөр айрым каттамдарга тоскоолдук жаратууда.