www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия ЖККУга мүчө өлкөлөргө коркунуч жаралган учурда аларды коргоо үчүн өзөктүк курал колдонуу мүмкүнчүлүгү каралганын билдирди.

Орусиянын ЖККУдагы өкүлү Виктор Васильевдин айтымында, бул укук уюмдун жаңы документтеринде жана Орусиянын аскердик доктринасында көрсөтүлгөн. Ал мындай билдирүүнү Москва өзөктүк куралын союздаш мамлекеттерге жайгаштыра алабы деген суроого жооп берип жатып айткан.

Васильев дүйнөдөгү негизги коркунучтардын бири катары өзөктүк куралы бар өлкөлөрдүн көбөйүшүн жана массалык кыргын салуучу куралдардын жайылышын атады.

Белгилей кетсек, ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлери 2025-жылдын аягында уюмдун жаңы коопсуздук стратегиясын кабыл алышкан. Ошол эле учурда айрым Европа өлкөлөрүндө да өзөктүк коргонуу саясаты боюнча талкуулар күчөп жатат.

Последние новости