www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ 3-августтан тартып туристтик жана ишкердик B-1/B-2 визаларын алуу үчүн айрым өлкөлөрдүн жарандарына виза кепилдигин төлөө боюнча жаңы талап киргизди.
Жаңы тартип Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Грузия баш болгон 50 өлкөнүн жарандарына тиешелүү.
Кепилдик төлөмдүн өлчөмүн АКШнын консулдук кызматкери ар бир арыз боюнча өзүнчө аныктайт.
Анын максималдуу суммасы 20 миң долларга чейин жетиши мүмкүн.
Эгер жаран АКШнын аймагынан белгиленген мөөнөттө чыгып кетсе, визаны пайдаланбаса же өлкөгө кирүүгө уруксат берилбесе, төлөнгөн каражат кайтарылат.
Ал эми визалык талаптарды бузган же өлкөдө уруксат берилген мөөнөттөн ашык калган учурда кепилдик акча кармалып калат.
АКШ бийлигинин маалыматына ылайык, бул чара визалык режимди бузуу учурларын азайтуу жана иммиграциялык эмес визаларды туура эмес пайдалануунун алдын алуу максатында киргизилди.
Буга чейин пилоттук программа алкагында кепилдик төлөмдөр 5 миң, 10 миң жана 15 миң доллар өлчөмүндө белгиленсе, эми анын жогорку чеги 20 миң долларга чейин көбөйтүлдү.