www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 28-августта Ош шаарындагы Курманжан-Датка көчөсүнүн капиталдык оңдоодон өткөн бөлүгү пайдаланууга берилди.
Жаңыланган жолдун ачылыш аземине Ош шаарынын мэри, Жогорку Кеңештин Төрагасы, депутаттар жана жергиликтүү тургундар катышты.
Капиталдык оңдоодон өткөн жол тилкесинин жалпы узундугу 1 830 метрди, туурасы 25,7 метрди түзөт. Автоунаа жүрүүчү бөлүктүн кеңдиги 15 метр болуп, жолго эки катмар асфальт төшөлдү.
Мындан тышкары, көчөнүн эки тарабына тротуарлар курулуп, ирригациялык арыктар жаңыланды.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.