www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Босниялык сербдердин мурдагы генералы, 8 миңдей босниялык мусулманды өлтүрүүгө айыпталган Ратко Младич 85 жашында каза болду. Ал 1992–1995-жылдардагы Босния согушундагы геноцид үчүн өмүр бою эркинен ажыратылып, жазасын өтөп жаткан.

2017-жылы БУУнун мурдагы Югославия боюнча Эл аралык трибуналы Ратко Младичди өмүр бою эркинен ажыраткан. 2021-жылы сот анын апелляциялык арызын четке кагып, өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырган.

Младич бир нече жолу инсульт болгон. 2024-жылдан бери ал Гаагадагы тергөө абагынын ооруканасында дарыланып келген. Аны дарылануу үчүн Сербияга убактылуу бошотуу тууралуу өтүнүчтөрү канааттандырылган эмес.

Генералга Босния согушу маалында геноцид, согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар боюнча 11 айып тагылган. Анын ичинде Сребреница шаарында 8 миңдей босниялык мусулман эркек жана баланы өлтүрүүгө байланыштуу айып да болгон.

1995-жылдын 11-июлунда Балкандагы согуш учурунда Ратко Младич жетектеген босниялык сербдер азыркы Босния жана Герцеговинанын аймагындагы Сребреница шаарында 8 миңден ашуун босниялык мусулмандарды өлтүрүшкөн. Расмий маалымат боюнча, Сребреницадагы кыргында 8372 адам каза болгон. Бул Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы эң ири массалык кыргын катары эсептелет.

Мурдагы Югославия боюнча трибуналдын айыптоо документтеринде Младичтин буйругу жана анын кол алдындагылардын көзөмөлү астында кеңири масштабдагы, алдын ала кылдат пландалган операция жүргүзүлүп, анын натыйжасында бир нече күндүн ичинде 7 миңден ашуун эркек жана өспүрүм өлтүрүлгөнү айтылган.

Последние новости