www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 29-августтан 2-сентябрга чейин убактылуу жол кыймылына чектөөлөр киргизилет.

Бул VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жана ШКУ саммитинин өткөрүлүшүнө байланыштуу.

Чектөөлөр төмөнкү жол тилкелеринде киргизилет:
* «Манас» аэропортунан Бишкек шаарына карай жолдо;
* Васильевский тракты;
* Фучик көчөсү;
* Чүй проспектиси;
* Манас проспектиси;
* Чыңгыз Айтматов проспектиси;
* Жусуп Абдрахманов көчөсү;
* Байтик Баатыр көчөсү;
* Абсамат Масалиев проспектиси;
* Жайыл Баатыр көчөсү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) жогоруда аталган көчөлөрдүн айрымдарынын аталыштары өзгөргөндүгүнө байланыштуу, жарандарды адаштырбоо максатында алардын мурдагы аталыштары көрсөтүлгөнүн белгиледи.

Бишкек шаарынын тургундарынан ушул күндөрү мүмкүн болушунча жеке унааларынан баш тартып, коомдук транспорт менен жүрүү суралат. Ошондой эле сапарларды алдын ала пландап, жол кыймылындагы өзгөрүүлөрдү эске алуу сунушталат.

Последние новости